Самудиновой Г. КАРАТАЙ САРТБАЕВДИН БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ МЕТОДОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ ЖАНА САЛЫМЫ .pdf

КАРАТАЙ САРТБАЕВДИН БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ МЕТОДОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ ЖАНА САЛЫМЫ .pdf
Жарыяланган күнү
27 декабря 2025 г.
Чыгарылыш
№4, 2025: Илимий ачылыштар
Бөлүм
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Самудинова Гуляым Мусилимовна
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
КАРАТАЙ САРТБАЕВДИН БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ МЕТОДОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ ЖАНА САЛЫМЫ
Негизги сөздөр: Методология, дидактикалык материалдар, окуу программасы, кыргыз тили, билим берүү системасы, окуу колдонмолору, башталгыч класстардагы билим берүү, окутуу жана педагогика.
Аннотация. Бул изилдөөдө Каратай Сартбаевдин эмгектери жана
алардын методологиялык мазмуну каралат. Анда К. Сартбаевдин башталгыч
класстардын окуучуларында тил көндүмдөрүн, тактап айтканда, жазуу, окуу
жана сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгүнө талдоо
жүргүзүлөт. Профессордун негизги ишмердүүлүгү – балдардын кыргыз
тилиндеги сүйлөө компетенттүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат.
К. Сартбаевдин педагогикалык ыкмасы өзүнүн системалуулугу, этап-
этабы менен өнүгүүсү жана башталгыч класстардын окуучуларынын жаш
өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуулугу менен айырмаланат. Мындан тышкары,
методикалык материалдардын автору окуучуларды окуу процессинде өзүнчө
инсан катары карап, инсанга багытталган окутууну колдонгон.
Сартбаевдин негизги эмгектери болгон “Кыргыз тили”, “Алиппе” жана
башка колдонмолор боюнча жүргүзүлгөн талдоо автордун методикасынын
негизги өзгөчөлүктөрүн жана бул эмгектердин азыркы башталгыч билим берүү
системасы үчүн фундаменталдык мааниге ээ болушунун себептерин аныктаган.
Ошондой эле К.Сартбаевдин окуу программаларын иштеп чыгуу аркылуу
илимге кошкон зор салымы белгиленет, анткени бул программалар кийин
элдин жалпы билим деңгээлине түздөн-түз таасир эткен.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru