Матаева М.Р. СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ ЖАШТАР СЛЕНГИНИН ЛЕКСИКАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ .pdf

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ ЖАШТАР СЛЕНГИНИН ЛЕКСИКАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ .pdf
Жарыяланган күнү
12 июнь 2026 г.
Чыгарылыш
№2, 2026: Илимий ачылыштар
Раздел
ФИЛОЛОГИЯЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Матаева М.Р.
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ ЖАШТАР СЛЕНГИНИН ЛЕКСИКАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Негизги сөздөр: жаргон, сленг, социалдык тармактар, лексика- семантикалык талдоо, Инстаграм, ТикТок, кыскартуу.
Аннотация. Бул макала социалдык тармактардагы жаштар сленгинин лексикалык-семантикалык өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө арналган. Изилдөөнүн негизги объектиси катары Instagram жана TikTok платформаларында активдүү колдонулуп жаткан англис тилдүү жана аралаш сленгдик лексикалык бирдиктер алынган. Жаштар сленгинин пайда болуу себептери, социалдык жана маданий факторлор менен байланышы, ошондой эле тилдин динамикалуу өнүгүүсүндөгү орду аныкталат. Изилдөөнүн жүрүшүндө сленгдик бирдиктер семантикалык мазмунуна жараша тематикалык топторго бөлүнүп, алардын эмоционалдык- экспрессивдик функциялары талдоого алынат. Айрыкча эмоцияны билдирүүчү, социалдык таандыктыкты көрсөткөн жана баалоочу мааниге ээ болгон лексемаларга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле англис тилинен кирген сөздөрдүн кыргыз тилдик чөйрөгө адаптацияланышы, кыскартуулар менен аббревиатуралардын активдүү колдонулушу белгиленет. Макаланын жыйынтыгында социалдык тармактардагы жаштар сленги заманбап тилдик процесстердин маанилүү компоненти экени, ал жаштардын коммуникациясын жеңилдетип, тилдик чыгармачылыгын жана социалдык идентификациясын чагылдырганы аныкталат. Изилдөөнүн натыйжалары жаштар тилинин өнүгүү тенденцияларын түшүнүүгө жана интернет-коммуникациянын лингвистикалык өзгөчөлүктөрүн мындан ары изилдөөгө өбөлгө түзөт.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru