Арзыбаев Аскар, Амеркулова Жибек Джумашевна КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ПЕНСИОНДУК САЯСАТТЫН АЛСЫЗ ЖАНА ТОБОКЕЛДҮҮ ЖАКТАРЫН ИЗИЛДӨӨ .pdf

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ПЕНСИОНДУК САЯСАТТЫН АЛСЫЗ ЖАНА ТОБОКЕЛДҮҮ ЖАКТАРЫН ИЗИЛДӨӨ .pdf
Жарыяланган күнү
04 февраля 2026 г.
Чыгарылыш
№1, 2026: Илимий ачылыштар
Раздел
ЭКОНОМИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Арзыбаев Аскар
PhD, экономика илими кандидаты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.
Автор: Амеркулова Жибек Джумашевна
ага окутуучу
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ПЕНСИОНДУК САЯСАТТЫН АЛСЫЗ ЖАНА ТОБОКЕЛДҮҮ ЖАКТАРЫН ИЗИЛДӨӨ
Негизги сөздөр: социалдык камсыздандыруу, кепилдиктер, мамлекеттик пенсияга карата ээ болгон укуктар, базалык пенсия, камсыздандыруу пенсиялары, бөлүштүрүүчү система, минималдуу стаж, субвенция.
Аннотация. Карылык боюнча камсыздандыруу мамлекеттик социалдык
камсыздандыруу тутумунун өзүнчө бир тармагы болуп саналат жана ал
топтолгон укуктарды аккумуляциялоонун татаал механизми катары мүнөздөлөт.
Бул укуктар камсыздандыруу окуясы келип чыккан учурда пенсия алууга
кепилдик берет жана ошондуктан жарандардын социалдык коргоого болгон
конституциялык укуктарын ишке ашыруунун формасы катары каралат. Кыргыз
Республикасынын негизги мамлекеттик пенсиялык тутуму бөлүштүрүүчү
мүнөзгө ээ болгондуктан, анын конфигурациясы жана архитектурасы пенсиялык
мыйзамдарда камтылган көптөгөн факторлорго көз каранды.
Пенсиялык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр өлкөдө социалдык
камсыздандыруу тутуму түзүлгөндөн бери алгач ирет анын курамынан маанилүү
категорияны - айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн, башкача айтканда
фермерлерди чыгарып, аларды мамлекеттик социалдык коргоо тутумундагы
жеңилдиктерден ажыратты. Пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү
девальвацияга учурап жатат. Ошондой эле киргизилген жаңычылдыктар
минималдуу камсыздандыруу стажы жетишилбеген учурда камсыздандырылган
адамдардын камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калууга мүмкүндүк берди.
Изилдөөнүн жыйынтыктары кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн жыйындысы
камсыздандырылган адамдардын абалын олуттуу түрдө начарлатарын, алынган
укуктарды жоготуу коркунучун жаратарын жана мунун натыйжасында
жарандардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү
конституциялык укуктарынын бузулушуна алып келерин көрсөтөт. Ошондой эле
изилдөө парламенттик талкуулар стадиясында аткаруу органы тарабынан такыр
ачып көрсөтүлбөгөн жана Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлбөгөн жашыруун
тобокелчиликтерди жана «подводные камни» аныктап берет.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru