Албанбаева Джылдыз Осмонкуловна ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫНДА ESG-ПРИНЦИПТЕРИН ИШКЕ АШЫРУУ: КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ .pdf

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫНДА ESG-ПРИНЦИПТЕРИН ИШКЕ АШЫРУУ: КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ .pdf
Жарыяланган күнү
01 марта 2026 г.
Чыгарылыш
№1.1, 2026: Илимий ачылыштар
Раздел
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Албанбаева Джылдыз Осмонкуловна
педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш., Кыргызстан
Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫНДА ESG-ПРИНЦИПТЕРИН ИШКЕ АШЫРУУ: КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Негизги сөздөр: туруктуу өнүгүү; ESG-принциптери; жогорку билим берүү; университет; экологиялык жоопкерчилик; социалдык туруктуулук; корпоративдик башкаруу; жогорку окуу жайдын өнүгүү стратегиясы.
Аннотация. Глобалдык билим берүү чөйрөсүнүн трансформацияланышы жана жогорку билим берүү институттарынын социалдык жоопкерчилигине болгон талаптардын күчөшү шартында ESG (Environmental, Social, Governance) концепциясына негизделген туруктуу өнүгүү принциптерин ишке киргизүү өзгөчө актуалдуу мааниге ээ болууда. Бүгүнкү күндө университеттер кадрларды даярдоочу жана билимди өндүрүүчү борборлор катары гана эмес, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнүн, экологиялык маданиятты калыптандыруунун жана башкаруунун ачыктыгын камсыздоонун негизги катышуучулары катары каралууда. Бул макаланын максаты — жогорку окуу жайлардын туруктуу өнүгүү стратегияларына ESG-принциптерин киргизүүнүн теориялык жана практикалык аспекттерин талдоо, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн университеттеринде алардын ишке ашырылыш өзгөчөлүктөрүн аныктоо болуп саналат. Макалада илимий булактарды талдоо жана синтездөө, салыштырма талдоо, системалуу жана структуралык-функционалдык ыкмалар колдонулат. ЖОЖдордун ишмердүүлүгүндөгү ESG-күн тартибинин негизги багыттары каралат: экологиялык жоопкерчилик (энергияны үнөмдөө, ресурстарды башкаруу, «жашыл» инфраструктура), социалдык компонент (билим берүүнүн инклюзивдүүлүгү, адамдык капиталды өнүктүрүү, коом менен өз ара аракеттенүү) жана башкаруучулук аспект (ачыктык, санариптештирүү, коррупцияга каршы саясат). Университеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, эл аралык рейтингдерде позициялоодо жана туруктуу билим берүү экосистемаларын калыптандырууда ESG-подходдун ролуна өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөөнүн жыйынтыктары жогорку окуу жайлардын өнүгүү стратегияларын, билим берүү программаларын жана туруктуу өнүгүү принциптерин жогорку билим берүү системасына интеграциялоого багытталган башкаруучулук чечимдерди иштеп чыгууда пайдаланылышы мүмкүн.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru