Амеркулова Жибек Джумашевна КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО .pdf

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО .pdf
Жарыяланган күнү
04 февраля 2026 г.
Чыгарылыш
№1, 2026: Илимий ачылыштар
Раздел
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Амеркулова Жибек Джумашевна
ага окутуучусу
Экономика жана менеджмент институту
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО
Негизги сөздөр: финансылык ресурстар, жогорку окуу жайлары, натыйжалуулук, финансылык башкаруу, жогорку билим берүү системасы, Кыргыз Республикасы.
Аннотация. Макалада бюджеттик каржылоонун чектелиши жана билим
берүү кызматтарынын сапатына болгон талаптардын жогорулашы шартында
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында финансылык ресурстарды
пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо маселелери каралат. Изилдөөнүн
максаты - жогорку окуу жайларынын финансылык ресурстарын калыптандыруу
жана бөлүштүрүү механизмдерин талдоо, ошондой эле аларды пайдалануунун
натыйжалуулугуна таасир эткен факторлорду аныктоо болуп саналат.
Изилдөөдө экономикалык талдоо, салыштырма жана статистикалык
ыкмалар, ошондой эле жогорку окуу жайларынын финансылык отчеттуулугун
талдоо колдонулган. Макалада жогорку окуу жайларынын киреше жана чыгаша
түзүмүнө, бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарынын катышына, финансылык туруктуулук жана натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө
өзгөчө көңүл бурулган. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Кыргыз
Республикасынын жогорку окуу жайларында финансылык башкаруу
системасындагы негизги көйгөйлөр жана чектөөлөр аныкталган. Финансылык
ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жогорку окуу
жайларынын финансылык өз алдынчалыгын бекемдөөгө жана жогорку билим
берүү системасынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган сунуштар
жана сунуштамалар иштелип чыккан.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru