Мамасаитов М.Х. «ИМАМ АЖАЛ – САРАКСИЙ» АТЫНДАГЫ МЕДРЕСЕ -ӨЗГӨН ШШАРЫНДАГЫ ЗАМАНБАП МЕДРЕСЕЛЕРДИН БИРИ КАТАРЫ .pdf

«ИМАМ АЖАЛ – САРАКСИЙ» АТЫНДАГЫ МЕДРЕСЕ -ӨЗГӨН ШШАРЫНДАГЫ ЗАМАНБАП МЕДРЕСЕЛЕРДИН БИРИ КАТАРЫ .pdf
Жарыяланган күнү
27 декабря 2025 г.
Чыгарылыш
№4, 2025: Илимий ачылыштар
Бөлүм
ТАРЫХ ИЛИМДЕРИ
Автор: Мамасаитов М.Х.
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш
«ИМАМ АЖАЛ – САРАКСИЙ» АТЫНДАГЫ МЕДРЕСЕ -ӨЗГӨН ШШАРЫНДАГЫ ЗАМАНБАП МЕДРЕСЕЛЕРДИН БИРИ КАТАРЫ
Негизги сөздөр: коом, медресе, дин, Ислам, аалым, мусулман, мазхаб, агартуу, тарбия, ишеним.
Аннотация. Бул макалада Ош облусунун Өзгөн районунун борбору болгон Өзгөн шаарынын «Имам Ажал – Сараксий» атындагы медресеси боюнча маалымат чагылдырылган. Өз кезинде мечиттерде жана медреселерде ислам илимдери жана дүйнөлүк илимдер да окутулуп, аймактагы калктын сабаттуулугун арттырып, коомдун социалдык, маданий, эконимикалык жашоосунун өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон. Имам Сарахси Ханафи мазхабындагы алдыңкы аалымдардан болгон. Ал көптөгөн шакирттерди даярдаган жана көптөгөн имамдар андан билим алышкан. Башка аалымдардан айырмаланып, анын күчтүү билими, теңдешсиз эмгектери жарык коргон. Автор, бул аалымдын ысымын алып жүргөн медреседе жогорку билимдүү жана тажрыйбалуу, шариат эрежелерин карманган, хижаб кийген мугалимдер иштешет. Медресенин негизги максаты болуп окууга жөндөмдүү болгон, жаш өспүрүмдөрдүн илим билим алып, тарбиялануусуна шарт түзүп, күндө ысык үч маал үч түрдүү тамак-аш, жатакана, заманыбызда илим билим алууга кажет болгон техникалык буюмдар, окуу куралдары, китепкана, медициналык жардам менен камсыздоо, аларга кылымыбыздын дарты болгон тарбиясыз көрүнүштөрдөн тамеки, арак, баңгизат жана башка жамандыктардан сактоо үчүн руханий жана улуттук тарбия берип, адамгерчилик сезимдерин ойготуу, жалгыз бой энелердин балдарына, абалы начар үй-бүлөө балдарына колдоо көрсөтүп, адеп ахлактуу тарбия алуусуна көмөктөшүү деп белгиленген.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru