Осмонбаева Ж.А. ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН ИЛИМДЕРДИН НЕГИЗИН ОКУТУУДА КЕСИП ТАНДООГО ДАЯРДОО .pdf

ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН ИЛИМДЕРДИН НЕГИЗИН ОКУТУУДА КЕСИП ТАНДООГО ДАЯРДОО .pdf
Жарыяланган күнү
27 декабря 2025 г.
Чыгарылыш
№4, 2025: Илимий ачылыштар
Бөлүм
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Осмонбаева Ж.О.
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН ИЛИМДЕРДИН НЕГИЗИН ОКУТУУДА КЕСИП ТАНДООГО ДАЯРДОО
Негизги сөздөр: кесип тандоо, жогорку класстын окуучулары, илимдердин негизин окутуу, кесиптик багыт берүү, билим берүү процесси, мугалимдин ролу, практикалык ишмердүүлүк, ата-энелер менен кызматташтык, кесиптик өзүн-өзү аныктоо.
Аннотация. Бул макалада жогорку класстын окуучуларын илимдердин
негизин окутууда кесип тандоого даярдоонун педагогикалык, социалдык жана
психологиялык аспектилери каралат. Макалада илимий билимдин окуучулардын
кесиптик өзүн-өзү аныктоосундагы ролу, предметтерди турмуштук жана
кесиптик контекстте окутуунун мааниси талданат.
Ошондой эле мугалимдин кесипке багыт берүүчү ролу, практикалык
ишмердүүлүктүн (лабораториялык иштер, долбоордук тапшырмалар,
өндүрүштүк экскурсиялар жана адистер менен жолугушуулар)
мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле ата-энелер менен мектептин
кызматташтыгынын натыйжалуулугу каралат.
Макалада кесип тандоого даярдоонун системалуу жана комплекстүү
уюштурулушу окуучулардын аң-сезимдүү, туура жана негиздүү кесип
тандоосуна шарт түзөрү көрсөтүлөт. Натыйжада, окуучулар коомдун талабына
жооп берген, өз кесибин аң-сезимдүү тандаган жана компетенттүү адис катары
калыптанат.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru