Жунусова Элнура Жаныбековна КЫРГЫЗСТАНДА БАЛДАРДЫ КОРГОО БАГЫТТАЛГАН СОЦИАЛДЫК ПРОГРАММАЛАР .pdf

КЫРГЫЗСТАНДА БАЛДАРДЫ КОРГОО БАГЫТТАЛГАН СОЦИАЛДЫК ПРОГРАММАЛАР .pdf
Жарыяланган күнү
01 март 2026 г.
Чыгарылыш
№1.1, 2026: Илимий ачылыштар
Бөлүм
ТАРЫХ ИЛИМДЕРИ
Автор: Жунусова Элнура Жаныбековна
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
КЫРГЫЗСТАНДА БАЛДАРДЫ КОРГОО БАГЫТТАЛГАН СОЦИАЛДЫК ПРОГРАММАЛАР
Негизги сөздөр: мамлекет, эл аралык уюмдар, укук, программа, институт, үй-бүлө, балдар, коргоо.
Аннотация. Бул макалада автор мамлекет тарабынан үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүү мекемелеринин аймактык тармактарын түзүү жана бекемдөөгө багытталган социалдык программаларды талдоого алган. Ар бир талдоого алган программалар жашы жете элек балдардын укуктарын ишке ашыруунун механизмин жакшыртууга; үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүү мекемелеринин аймактык тармактарын түзүү жана бекемдөөгө багытталгандыгы тастыкталган. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан жашоо жагдайы оор жана тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар менен иш алып баруунун натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Кыргызстанда балдарды коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыктын көптөгөн маселелери салттуу түрдө биздин өлкөдөгү балдардын абалын жакшыртууга багытталган ири эл аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында чечилет. 2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, коомдун турмушундагы үй-бүлөнүн социалдык ролун жогорулатууга, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru